• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын энергетикадагы аялдар ассоциациясынын мүчөсү БРИКС сынагында жеңүүчү аталды

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика тармагындагы аялдар ассоциациясынын мүчөсү Айдай Керимкулова “50 МВт күн электр станциясын куруу” долбоору менен БРИКС сынагында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Москвада БРИКСтин бизнес-форумунун алкагында өтүп, ага 30 өлкөнүн компаниялары катышты.

Альянстын россиялык бөлүгүнүн төрайымы Анна Нестерова альянстын экосистемасы жеңүүчүлөргө инновациялык стартаптарын кеңейтүүгө, каржылоону тартууга жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берерин белгиледи.

Белгилей кетсек, миңден ашык өтүнмөнү эл аралык калыстар тобу караган. Дүйнө боюнча 14 өлкөнүн долбоорлору БРИКСтин аялдар бизнес-альянсы тарабынан коммуникациялык колдоо алат.

Пикир

Оставить комментарий