Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаштар курамасы Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар эркин күрөш боюнча жаштар арасында Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча ата мекендик спортчулар 6 медаль жеңишти: 3 алтын, 2 күмүш жана 1 коло. Азия чемпиону наамын Садыр Кайыпбеков (45 кг), Өмүрбек Асан уулу (60 кг) жана Нурсадык Нурдинов (65 кг) алышты. Күмүш байгеге Нуртилек Замирбеков (61 кг) жана Курсантбек Исаков (65 кг) ээ болушту. Ал эми коло медалга Самидулло Алимжанов (80 кг) татыды.

Мындан сырткары, грек-рим күрөшү боюнча Ислам Темирбеков (48 кг) жана Элдар Мурзакулов (55 кг) коло байге жеңишти.

Ошондой эле кыз-келиндер арасында Асема Төрөгелдиева (49 кг) жана Асель Жапарова (61 кг) үчүнчү орунду ээлеп, коло байгеге татышты.

Эске салсак, Азия чемпионаты Иорданиянын борбору Амман шаарында 22-июнь күнү башталып 26-июнда жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий