• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы жаңы форма менен чыгат – сүрөтү

Спорт 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын Футбол федерациясы 2019-жылдагы Азия Кубогунда футбол боюнча кураманын кие турган жаңы формасын көрсөттү. Форма эки түстө – кызыл жана ак болуп жасалган.

Кызыл түстөгү форма (үй беттештери үчүн) мамлекеттик туунун өңүндөй жасалып, кайрат менен эрдикти чагылдырып турат. Ал эми ак түстөгүсү (коноктогу беттештер үчүн) “Ак Шумкардын” бир экенин көрсөтөт.

Бирок, форманын ыраңы социалдык тармактардагы колдонуучулардын баарына жага берген жок. Көптөрүнүн пикиринде ал өтө эле карапайым жасалып калган.
Кураманын мурунку формасы үч түстө болуп, кызыл (үй беттештери үчүн) менен ак (коноктогу беттештер үчүн) негизги өндөрдөн болгон.

Пикир

Оставить комментарий