Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы (U 14) Өнүгүү Кубогуна даярданууда. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда 2009-жылдан улуу эмес оюнчулардан куралган курама команданын окуу-машыгуу жыйынындары өтүүдө. Машыгуулар Бишкекте 22нен 30-сентябрга чейин уланат.
Башкы машыктыруучу Олег Холковскийдин жетекчилигиндеги команда Өнүгүү кубогуна Беларусияга барып, анда Россия, Беларусия жана Тажикстандын курамалары менен беттешет.
Дарбазачылар:
- Бактыбеков Элмырза (Дордой)
- Замирбеков Эльдар (Дордой)
Коргоочулар
- Шадманалыев Чыңгыз (Дордой)
- Калыбеков Дениз (Дордой)
- Султанов Руслан (Абдыш-Ата)
- Турдубаев Ызатбек (Сокулук)
- Мырзабеков Алишер (Алга)
- Абдыраев Мустафа (Илбирс)
- Омурзаков Кадыр (Алга)
- Грищенко Павел (Илбирс)
- Шекербеков Эмирхан (Илбирс)
Жарым коргоочулар:
- Березюк Александр (Абдыш-Ата)
- Нурбеков Бекбол (Дордой)
- Жолдубаев Амир (Дордой)
- Ибрагимов Мухаммед (Баткен)
- Сагынов Айвар (Дордой)
- Таласбеков Эльдар (Илбирс)
- Мелис уулу Марлис (Дордой)
- Бейшенбиев Актан (Алга)
Чабуулчулар:
- Нурланбеков Нур (Дордой)
- Джумабаев Даниель (Алга)
- Казаков Бекзат (Талас)
- Ишенбаев Улукбек (Дордой)
- Курманбаев Ислам (Абдыш-Ата)
- Сульпиев Улукбек (Илбирс)
- Жолочуев Байэл (Дордой)
Машыктыруучу штабы:
- Холковский Олег - башкы машыктыруучу
- Буглак Михаил - машыктыруучу
- Геращенко Владислав - дарбазачылардын машыктыруучусу
- Есин Максим - менеджер
- Усен Садкеев - дарыгер
- Мадиев Сардар - медиа-офицер
Машыгуу жыйынынын алкагында 2 контролдук оюн пландаштырылган.
Өнүгүү Кубогунун оюндары 2-октябрдан 9-октябрга чейин Минск шаарында (Беларусия) өтөт.
Пикир
Оставить комментарий