Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы алдыдагы оюндарга даярдыкты баштады

Спорт 0

Бишкек, 20.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы алдыдагы оюндарга даярданууну баштады. Бул тууралуу футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мелдештерде эффективдүү жыйынтыктарды көрсөтүүгө аракеттер жүрүп жатат.

"Кыргызстан жана кыргыз футболу мага абдан тааныш. Жаш футболчулар менен иштеп жатканыма көп убакыт болду. Мен эми улуттук курама менен алдыдагы чемпионатта жана Азия кубогунда ийгиликтүү катышууга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Чүчүкулак кармалса атаандаштарыбыз аныкталат. Алардын ар бирин биз карап, изилдеп чыгабыз. Биз иштерди азыртадан баштадык. Мага бардык иштер тааныш болгондуктан, ошолорду улантып кетебиз. Улуттук курама командыбызды жаш спортчулар менен толуктоо өз нугу менен баратат деп ойлойм. Мен футболисттер менен сүйлөшүп жатам. Тренердик штабга күчтүү адистер кошулуп жатат", - деди башкы машыктыруучу.

Эске салсак, 46 жаштагы россиялык адис Максим Лисицын футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп 13-июнда дайындалган.

Кыргыз футбол биримдиги менен жаңы башкы машыктыруучу ортосундагы келишим бир жылга түзүлгөн. Максим Лисицын дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү баскычы аяктаганга чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий