• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Түркияда Тай-кик боюнча мелдеште кыргызстандык спортчу биринчи орун алды

Спорт 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Түркиянын Анталья шаарында Тай-кик боюнча өткөн мелдеште кыргызстандык спортчу биринчи орун алды. Бул тууралуу Түркиядагы "Кыргыз эли" коому билдирди.

Мелдеш 20-23-апрель күндөрү Антальядагы EXPO 2016 спорт комплексинде болуп өткөн. Бул республикалык мелдешке спортчулар Түркиянын ар кайсы облусунан келишкен.

Белгилей кетсек, мелдештин ачылыш күнүндө "Кыргыз эли" коому тарабынан түзүлгөн "Анталья таланттары" чыгармачыл тобунун мүчөлөрү келгендерге кыргыз маданият таанытуучу чакан концерттик программасын тартуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий