• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Улуттук банктын 30 жылдыгынын урматына спорттук жарыш өттү

Спорт 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. “Ынтымак” жана “Адинай” парктарынын аймагында Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Кыргызтстандын Улуттук банкы Улуттук банктын 30 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында атайын майрамдык жарыш уюштурду.

Банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев өз сөзүндө жарышка активдүү катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирген.

“Учурда көпчүлүк мекендештерибиз жашоонун сергек мүнөзүнө өтүп, спорт менен активдүү машыгып, спорттук иш-чараларга жалпы катышып келе жатышат. Улуттук банк да четте калбастан, калк арасында, анын ичинде банк секторунун кызматкерлери арасында сергек жашоону жана спортту жайылтууну демилгелеп келет”, - деген Бөкөнтаев.

Бул майрамдык жарыштын катышуучулары жаш курак категориялары боюнча: 45 жашка чейинкилер 6 чакырым, ал эми 45 жаштан жогоркулар 3 чакырым аралыкта ат салышты.

Мындан тышкары, эркектердин жана аялдардын командалары үчүн 400 метр аралыкта, 4 баскычтан турган эстафеталык жарыштар өткөрүлдү. Жарыштын жеңүүчүлөрүнө Улуттук банктын эстелик белектери ыйгарылды.

Спорттук иш-чарага Улуттук банктын, анын туунду уюмдарынын, коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын, төлөм уюмдарынын кызматкерлеринин ж.б. ичинен 600дөн ашык адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий