• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Кыргызстандык төрт балбан рейтингдик эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Болгарияда өтө турган Dan Kolov-Nikola Petrov рейтингдик эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш 2-6-март күндөрү София шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси:

1. Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
2. Амантур Исмаилов (67 кг);
3. Акжол Махмудов (77 кг);
4. Үзүр Жусупбеков (97 кг).

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий