• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Түркияда магнитудасы 5,6га жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Түркияда магнитудасы 5,6га жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги жазып чыкты.

Жер силкинүү бүгүн, 27-февралда саат 12:04төр чамасында Малатья провинциясынын Ешилюрт районунда болду.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Ошондой эле 20-февралда Хатай провинциясында жер жер титиреген.

Пикир

Оставить комментарий