Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жаңы формалуу болуп, аны күн мурун расмий түрдө презентациялады. "Ак шумкарлардын" жаңы формасына кыргыздын оюм-чийимдери түшүрүлгөн.
Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, күн мурун өткөн иш-чаранын алкагында 2023/2024 коллекциясындагы биринчи футболканын кайрымдуулук аукциону өттү. Андан түшкөн каражат Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине жардам катары жумшалат.
Кыргыз футболдук союзу менен испаниялык Joma бренди иштеп чыккан мерч 11-августта массалык сатууга чыгат. Улуттук курама команданын расмий экипировкасын Joma спорттук дүкөнүнөн жана КФС расмий сайтынан сатып алса болот.
Эксклюзивдүү дизайн. Оюн футболка, башкача айтканда, үй формасы бозомук-кочкул кызыл түстөгү стилдештирилген оюу-чийимдер менен айкалыш.
- кызыл түс — өлкөнүн туусу, жаратылыштын жашоосу жана күчү;
- сары түс — түшүмдүүлүк жана өркүндөө;
- жең жана моюн — туудагы күндү элестетүү;
- орнаменттер турган оюу-чийүүлөр — талисман катары байыркы замандардан бери колдонулган, команданын өсүүсүнө жана биримдүүлүгүнө негизделген;
- оюу-чийүүлөрдүн көкүрөк жакка жайгашуусу — кандайдыр бир коргоочу тумар жараткан туулга сыяктуу.
Пикир
Оставить комментарий