• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги Польшада көчмө консулдук тейлөө өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. 27-28-сентябрда Варшава шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчилиги тарабынан Польшанын аймагында жашаган Кыргызстандын жарандары үчүн көчмө консулдук тейлөө өткөрүлдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Вистула университетинде өтүп, жалпы 50гө жакын кыргыз жараны тейленди.

Консулдук иш сапардын алкагында жарандарга чет өлкөлүк паспортторду жана ID-карталарды алуу жана жаңылоо, ишеним каттарды түзүү, ЗАГС документтерин алуу жана башка консулдук кызматтар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, ар кандай консулдук суроолор боюнча консультация берилди.

Пикир

Оставить комментарий