• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Олимпиадада 3-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 10.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Олимпиада оюндарындагы беттештерин жыйынтыктады. Курама команда Париждеги Олимпиадада 3-орунду ээледи.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 5-8-август күндөрү өттү. Анда жалпысынан 38 өлкөнүн спортчулары 6 медалдардын топтому үчүн күч сынашты.

Кыргызстандын курамасынан 4 балбан катышып, үч коло медаль утууга жетишти. Бул жыйынтык менен курама 55 упай топтоп, командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Биринчи орунга 101 упай менен Ирандын курамасы чыкса, экинчи орунга 59 упайы менен Кубанын курамасы жайгашты.

Белгилей кетсек, Париждеги XXXIII жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда. Буга чейин дзюдочулар Эрлан Шеров, Кубанычбек Айбек уулу, суучулдар Денис Петрашов менен Елизавета Печерских мелдештерин жыйынтыктаган болчу.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиададан 4 медаль - 1 күмүш, 3 коло бар. Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков коло медаль утту. Муну менен Олимпиада оюндарынын тарыхында Кыргызстан 12 медалга ээ болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий