• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Футболчуларды оюн талаасына коштоп чыккысы келген балдар арасында сынак жарыяланат

Спорт 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргызстан-Палестина оюнуна футболчулар менен оюн талаасына кол кармашып чыккысы келген балдар арасында сынак жарыялайт.

"Балдарыңыздын, эмнеге футболчуну оюн талаасына коштоп чыккысы келгени тууралуу видеокайрылуу жаздырып, аны өзүңөрдүн баракчаңарга #AkshumkarKids хэштэги менен жарыялаңыздар. Бизди белгилеп коюуну утуп койбоңуздар", - деп билдирет Футбол федерациясынын басма сөз кызматы.

Федерация белгилегендей, сынакка 7ден 11 жашка чейинки, бою 140 сантиметрден ашпаган балдар катыша алат.

Көп лайк алган балдар футболчуларды оюн талаасына коштоп чыкмакчы.

Эскерте кетсек, Кыргызстан-Палестина достук беттеши борбордук стадиондо 11-июнь күнү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий