• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Чөгүп кетиши мүмкүн... Биринчи май айылында 3 жашар бала изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районунун Биринчи май айылында кечээ, 2-май күнү 2016-жылы туулган К.Т. аттуу бала дайынсыз жоголгон.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, баланы издөө иш-чараларына 9 куткаруучу жана 6 милиция кызматкери тартылган.

"Кечээ кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган, бүгүн кайрадан издөө башталды", - деп айтылат маалыматта.

Ата-энесинин айтуусу боюнча, бала сууга чөгүп кетиши мүмкүн.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жыл башынан бери дарыя жана көлдөргө 12ден 18 жашка чейинки 10 бала жана 4 өспүрүм чөгүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий