• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Ош облусунда бүгүн, 9-мартта саат 10:42лер чамасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирет.

Жердин силкинүүсү Алай районунун Ачык-Суу жана Сары-Могол айылында 2 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий