• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Кыргызстандын калкынын 11 пайызы психикалык жактан жабыркайт

Ден соолук 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын калкынын 11%ы психикалык бузулуулардан жабыркайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн бири шылдыңдоого дуушар болушат, бул алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип, билимге болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө, тынчсызданууга, стресске жана өзүн-өзү сыйлабоого алып келет.

Статистика көрсөткөндөй, жумуш ордунда психикалык ден соолукту колдоого муктаждык өсүп жатат. 2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын болжол менен 15%ы психикалык оорудан жабыркайт. Дүйнө жүзү боюнча депрессия жана тынчсыздануу жылына болжол менен 12 млрд жумуш күнүн жоготуп, экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жыл сайын 1 трлн долларга жакын жоготот.

Күн мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден соолук күнүн белгилөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги жана коомдук саламаттык сактоо ассоциациялары менен биргеликте өлкөдөгү психикалык ден соолуктун актуалдуу маселелерине арналган тегерек стол өткөрдү. Талкууларда балдарга жана өспүрүмдөргө психиатриялык жардам көрсөтүүнү жакшыртуунун зарылдыгына, психикалык ден соолукту коргоо жаттындагы кызматтарды алуудагы тоскоолдуктарды аныктоого жана чоңдордун жашоосунда жана ишинде узак мөөнөттүү көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн аларды чечүү жолдору боюнча сунуштарга көңүл бурулду.

Иш-чарада катышуучулар эксперттер менен жумуш ордунда психикалык ден соолукту чыңдоо стратегияларын карашты. Анда психикалык ден соолукту коргоо жана чыңдоо үчүн өкмөттүн, иш берүүчүлөрдүн жана саламаттык сактоо жаатындагы адистердин биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий