• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстандын калкынын саны 7,3 миллионго жетти

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын туруктуу жашаган калкынын саны 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 91,7 миң адамга көбөйгөн, же 1,3%га өстү. 1-октябрга карата калктын саны 7 млн 254 миң адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан 107,9 миң ымыркай катталган, же 1000 кишиге 20 туура келген (2023-жылдын январь-сентябрында - 20,5), же 24,2 миң каза болгондор, же 1000 кишиге 4,5 (2023-жылдын январь-сентябрында - 4,4). Жыйынтыгында калктын өсүшү 83,7 миң адамды, же 1000 кишиге 15,5ти түздү (2023-жылдын январь-сентябрында - 16,1).

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында калктын санынын өсүү деңгээлинин жогорку көрсөткүчү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында байкалган. Ал эми эң төмөн көрсөткүч Бишкек менен Ысык-Көл облусуна туура келет.

Пикир

Оставить комментарий