• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын делегациясы Римде өтүп жаткан жогорку деңгээлдеги конференцияга катышууда

Коом 0

Бишкек, 24.02.23./Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев баштаган делегация 23-24-февралда Италиянын Рим шаарында өтүп жаткан “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” жогорку деңгээлдеги жетинчи конференциясына катышууда. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Иш-чарада Кыргызстандын делегациясынын башчысы Айбек Молдогазиев сөз сүйлөп, катышуучуларга Кыргызстандын экология, суу ресурстары жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы демилгелери тууралуу маалымат берди.

Тактап айтканда, Молдогазиев Кыргызстан биологиялык ар түрдүүлүк боюнча дүйнөдө көрүнүктүү орунду ээлеп, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүнүн көптүгү, ошондой эле жаратылыш ландшафттарынын жана тоо экосистемаларынын сакталышы менен өзгөчөлөнүп турарын белгиледи.

Ал Кыргызстан экологиялык маселелердин күн тартибине чоң көңүл буруп, ырааттуу саясат жүргүзүп, бул жаатта түрдүү чараларды көрүүдө, анын ичинде БУУнун 2030-жылга чейинки Күн тартибинде түзүлгөн Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүнү жактарын кошумчалады.

“Кыргызстан суу-энергетикалык маселелердин бардык комплексин талкуулоого ар дайым ачык”, - деп белгиледи министрлин орун басары. Бул контекстте Чүй-Талас жана Орто-Токой суу сактагычынын суу чарба комиссиялары боюнча Казакстан жана Өзбекстан менен өз ара аракеттенүүнүн оң тажрыйбасы белгиленди.

Белгилей кетсек, делегациянын курамына Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов, Айыл чарба, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрликтеринин өкүлдөрү кирген.

Пикир

Оставить комментарий