• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын туристтик 3D панорамалык картасын түзүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кыргызстандын туристтик 3D панорамалык картасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликтин алдындагы Туризм департаменти тарабынан Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги жана Германиянын эл аралык кызматташуу боюнча агенттигинин (Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH) каржылык жардамы менен Кыргызстандын туристтик 3D панорамалык картасын түзүү иштери пландаштырылууда.

Бул карта өлкөнүн туристтик ажайып жайларын чет элдик жана жергиликтүү туристтер арасында даңазалоого өбөлгө түзөт жана 360 градустук сапаттуу сүрөттөрдү керектүү маалыматы менен чогуу көрүүгө болот.

«3D Кыргызстан» долбоорунун автору жана демилгечиси туризм тармагы боюнча эксперт Максат Конушалиев.

3D сүрөттөр Google картасына, Кыргыз Республикасынын туризм тармагына байланышы бар министрликтер жана ведомстволордун сайттарына, ошондой эле өлкөнүн туристтик сайтына жайгаштырылат: www.discoverkyrgyzstan.org.

Долбоор Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын туристтик ажайып жайларын камтыйт. Долбоорду 2020-жылдын август-октябрь айларында ишке ашыруу, ал эми аны тапшыруу мөөнөтү ушул жылдын декабрь айына пландаштырылууда.

Ошондой эле жакынкы аралыкта Баткен, Талас жана Нарын облустары боюнча 3D панорамалык картасын иштеп чыгуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий