• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Президенттин тапшырмасы менен энергетикалык ортомчу компаниялар олуттуу кыскарды - Султанбаев

Коом 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда энергетикалык бөлүштүрүүчү жеке ортомчу компаниялардын саны олуттуу кыскарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды.

"Учурда алардын саны 28ден 12ге чейин кыскарды. Азыркы тапта электр энергиясын калкка жеткирүү процессинде энергетикалык жеке ортомчу компанияларды толук жою үчүн оптимизациялоо иштери уланууда", - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий