• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

“Кыргызстандын киберкоопсуздугу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 12-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын маалыматтык инфраструктурасынын санариптик туруктуулугун камсыз кылуу жолу менен инсанды, коомду жана мамлекетти коргоо максатын көздөгөн киберкоопсуздуктун бирдиктүү системасынын укуктук негиздерин белгилөө максатында кабыл алынган

Алсак, аталган мыйзам киберкоопсуздук системасынын негиздерин, киберкоопсуздукту камсыздоонун субъекттерин жана принциптерин, өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүнүн негиздерин, киберкоркунучтардын бирдиктүү базасын, киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өз ара аракеттенүүнүн тартибин, киберкоопсуздук аудитти ж.б. белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий