• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кыргызстандын кикбоксинг боюнча курамасы Азия чемпионатында 3 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Камбоджа мамлекетинде өткөн Азия чемпионатында 3 медаль жеңишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен бирөө алтын жана экөө коло медаль.

Аброр Хакимов 71 кг чейинки салмакта лоу-кик версиясы боюнча өз салмагында Азия чемпиону болду. Ал эми Адилет Улан уулу (60 кг лоу-кик версиясы) жана Азамат Кудайбердиев (75 кг К1 версиясы) коло медалга ээ болушту.

Курама команда улук машыктыруучу Куан Абдыраимовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий