• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Футзал боюнча Азия кубогу: Кыргызстандын атаандаштары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. 2022-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарына чүчүкулак тартуу аземи өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кыргызстан Азия кубогунун Бириктирилген борбордук жана Түштүк зонадагы тандап алуу оюндарын кабыл алат. Турнир 1-15 апрель күндөрү Бишкекте өтөт.

Бириктирилген борбордук жана Түштүк зонага 8 өлкө кирет.

Чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча төрт командадан турган эки тайпа түзүлдү.

А тайпасында төмөндөгү командалар жайгашышты: Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Мальдив аралдары.

B тайпасына: Өзбекстан, Тажикстан, Афганстан, Непал жайгашты.

2022-жылдын 22-сентябрынан тарта 20-октябрга чейин Кувейтте өтө турчу Азия кубогунун финалдык этабына тайпанын сап башын жана экинчи орундарын ээлеген командалар жолдомо алат. Баары болуп турнирге континенттин 16 командасы катышат.

Пикир

Оставить комментарий