Кыргызстандын Кумтөрду өз алдынча иштеткенине 1 жыл. Давыдов, Лысый, мөңгүлөрүнүн тагдыры айтылды

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Кумтөр кениндеги мөңгүлөр жана андагы калдыктар тууралуу сөз кылды.

Кутманова Кумтөр кенине алгач 2012-жылы барганын айтат.

“Кендин жанында Давыдов, Лысый, Сары-Төр, Борду жана Петров мөңгүлөрү бар. Биз барганда Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнүн үстүндө калдыктарды 120 метрге чейин үйүп салыптыр. Эмнеге үйүп салганын сураганда ташууда үнөмдөө үчүн ушу жолго барганын айтышкан. Алар өздөрүнүн 2011-жылдагы отчетунда да ушуну жазган. 2015-жылга чейин мөңгүгө таштандыларды төгө беришкен. Анан “Амек” деген компания 2014-жылы келип, калдыктарды төккөнгө болбой турганын жазып кеткен. Бирок, "Кумтөр Оперейтинг Компани" ал ишин токтоткон эмес, 2015-жылы экинчи ирет “Амек” компаниясы келип, бул практикада колдонулбайт, жапайчылык дегенде гана ал ишин токтоткон”, - дейт ал.

Министр Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнө калдыктар ташталбай калганына карабай аларды талкалоо иштери жүргөнүн белгилейт.

“Мөңгүнүн астындагы алтынды казуу үчүн ушундай жолго барган. Суу жөнүндө кодексте буга тыюу салынганына карабай казуу иштери жүрүп келген. 2017-жылы Лысый жана Давыдовдон башка мөңгүлөрдү талкалап, казуу иштерин жүргүзбөө боюнча өзгөртүү киргизилген. Өзүңүздөр билгендей, өткөн жылы Кумтөргө убактылуу башкаруу кирген. Бүгүнкү күндө аталган мөңгүлөрдө казуу иштери токтотулган. Учурда жер астындагы алтынды казуу боюнча геологдор иш жүргүзүүдө”, - деди Кутманова.

Пикир

Оставить комментарий