• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандын мурунку башкы прокурору Асанбек Шаршеналиев каза болду

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/.Кыргызстандын мурунку башкы прокурору, юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, прокуратуранын ардактуу ардагери, юридика илимдеринин доктору, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана эмгек сиңирген юрист Асанбек Шаршеналиев каза болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Асанбек Шаршеналиевич 1940-жылдын 29-мартында Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. Ал билим алуу жолун 1955-жылы Фрунзе советтик соода техникумунан баштап, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин (1959-64) жана аспирантурасын (1964-68) бүтүргөн.

Мурунку башкы прокурор А.Шаршеналиев 1958-жылы эмгек жолун Жумгал райондук потребсоюзунда бухгалтер катары баштап, кийин 1968-77-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Философия жана укук институтунда илимий кызматкер, 1977-79-жылдары - КырМУнун юридикалык факультетинде ага окутуучу болуп иштеген. Кийинчерээк мамлекеттик кызматта да бир нече маанилүү орундарды ээлеп, 1979-1989-жылдар аралыгында Коммунисттик партиянын Фрунзе шаардык комитетинин бөлүм башчысы жана Борбордук Комитетинин бөлүм башчысынын орун басары, ал эми 1989-1993-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик арбитражынын башкы мамлекеттик арбитри, Конституциялык көзөмөл комитетинин жана Конституциялык соттун төрагасы катары эмгектенип, өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоонун жол башчысы болгон.

1993-жылы Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болуп дайындалып, 7 жыл бул кызматты аркалап, укуктук системаны бекемдөөдө жана коррупцияга каршы күрөшүүдө чоң реформа жүргүзгөн. Анын жетекчилиги менен прокуратура органдары мыйзамдуулукту коргоо жана элдин укуктарын камсыз кылуу багытында бир катар ийгиликтерге жетишкен.

Андан соң Асанбек Шаршеналиевич 2000-2001-жылдары, Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык институтунун директору, 2001-жылы КР президентинин Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынында толук укуктуу өкүлү, ошол эле учурда КРдин Коопсуздук боюнча секретариатынын башкы инспектору, 2004-2010-жылдары - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында проректор, 2010-жылдан илимий-консультативдик комитеттин төрагасы болуп эмгектенип, кесипкөйлүгү, билимдүүлүгү жана терең инсандык сапаттары менен элдин ишенимине жана урмат-сыйына ээ болгон.

Кадырлуу ардагерибиз Шаршеналиев Асанбек Шаршеналиевичтин жаркын элеси, анын эмгеги, үлгүлүү өмүр таржымалы жана адилеттүүлүккө болгон умтулуусу түбөлүккө элдин эсинде сакталат.

Пикир

Оставить комментарий