• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Коом 0


Бишкек, 26.02.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Кыргызстанда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө аскердик жана альтернативалык аскерий кызмат өтөө тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Аскерге чакыруунун жан тандоонун жаңы өзгөчөлүктөрү тууралуу КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик Комитетинин Жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынын башкы башкармалыгынын жетекчиси Руслан Абдрахманов билдирди.

Ал “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө билдиргендей, жарандарды жазгы аскердик жана альтернативалык кызмат өтөөгө чакыруу 2018-жылдын 1-мартынан тарта башталат жана ал тиешелүү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө жараша жүргүзүлөт.

“Бул жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык аскерге чакыруу мурдагы жылдарга караганда бир топ башкача болот. Өзгөртүүлөргө ылайык 2016 жана 2017-жылдары чакыртылгандардын саны жана ыкчам аскер кызматын өтөөнү каалагандардын саны көбөйгөн”,-деп билдирди ал.

Анын билдирүүсү боюнча, акыркы жылдары чакыртылгандардын билимине басым жасоого өзгөчө көңүл бурулууда. Жыйынтыгында ыкчам аскерий кызмат өтөөгө чакыртылган жарандардын дээрлик 30 пайызынын жогорку билими бар.

“Бул жылы сынактык тандоо өткөрүлөт, анда эң негизги басым ден соолугунун абалы жана физикалык өнүгүүсүнө багытталат. Чогултуу пункттарында жөнөтүүдөн мурда КР КК аскердик-дарыгерлер комиссиясынын жана атайын аскердик госпиталдардын дарыгер адистеринин катышуусунда дыкат медициналык текшерүү жүргүзүлөт”,-деп түшүндүрдү Абдрахманов.

Андан тышкары, аскерге чакыртылгандардан физикалык жактан даярдыгы боюнча зачет алышат, алардын күчүн, шамдагайлыгын (100 метрге чуркоо), чыдамкайлыгы (3 чакырымга чуркоо) текшерилет. Физикалык жактан даярдыгын текшерүү атайын видеого түшүрүлүп, тандоодо коррупцияны жок кылат.

Пикир

Оставить комментарий