• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жайыттарды өзгөчө баалуу жерлер категориясына киргизүүнү демилгелеп жатабыз - Назаров

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.02.18 /Кабар/. Бүгүн, 26-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында «КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (КР Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга) мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилер: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А. Назаров, А. Эргешов, М. Эгембердиев, М. Айнакулов, Р. Туманбаева, А. Осмонова, А. Узакбаев.

Маалыматка ылайык, өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин категориясын түзүүдө жайыттар анча баалуу эмес жерлерге кирип калган. Иш жүзүндө жайыттар өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерине кирет.

Демилгечи депутаттардын бири Айтмамат Назаровдун айтымында, Кыргызстандын улуттук кенчи болгон жайыттарды туура пайдалануу менен мал чарбасын өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээелин көтөрө алабыз. Бирок азыркы күндө жайыттарды башка категорияга которуу фактылары жок эмес. Маселен, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы жайыттар жеке менчикке берилип кеткен. “Ошондуктан жайыттарды өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринин категориясына киргизүүнү демилгелеп жатабыз. Сунушталган долбоор аркылуу жайыттардын баардык түрү өзгөчө баалуу жерлер категориясына киргизилүүдө. Жайыттарга тиешелүү маселелердин баарын КР Өкмөтү тарабынан чечилиши керек”.- дейт А.Назаров.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий