• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Турсунбеков: Балдардын жаркын келечегинин башаты - бала бакча

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Ысык-Көл районунун Кожояр айылындагы 100 орундуу бала бакчанын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эски мектеп имаратынын оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлүп мектепке чейинки билим берүү мекемесине айлантылышын кубаныч менен кабыл алган Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Балдардын жаркын келечегинин башаты болгон бул бала бакчанын ачылышы Кожояр айылынын гана эмес, жалпы Ысык-Көл облусунун жетишкендиги. Себеби, татыктуу билим-тарбия алган ар бир наристенин келечеги кеӊ болот. Натыйжада, эл-жеринин керегине жараган уул-кыздар өсүп чыгат", - деди.

Ошондой эле Төрага мамлекет тарабынан мектеп курагына чейинки балдардын өсүшүнө өзгөчө көӊүл бурулуп жатканын белгилеп: "Билим алууга керектүү жабдуулар менен камсыздагандан тышкары, наристелердин тамак-ашын да сапаттуу кылууга болгон аракеттер тынымсыз көрүлүп келет. Бардык тиешелүү витаминдер кошулган азыктарды жеген балдардын ою да, бою да өсөт деген ишеничтемин", - деп кошумчалады.

Андан тышкары, наристелерге кеӊ келечек каалаган Чыныбай Турсунбеков, бала бакчага жеке резервдик фондунан 100 миӊ сом тапшырды.

Белгилей кетсек, эске имаратты бала бакчага айлантуудагы оӊдоп-түзөө иштерине Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 32 миллион сом бөлсө, керектүү эмеректер үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 1 миллион 500 миӊ сом өлчөмүндө каражат берген.

Пикир

Оставить комментарий