• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

ЖК жаӊы депутаты Руслан Чойбеков парламентте ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Чойбеков Руслан Нуркалиевич ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Руслан Чойбековду депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий