• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 22.06.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши түзүлдү.

Тийиштүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Координациялык кеңеш инвестициялык климатты жакшыртуу, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик колдоо чараларын жана өнүктүрүү институттарынын ресурстарын консолидациялоо максатында түзүлгөн.

Координациялык кеңештин негизги милдети улуттук экономиканын стратегиялык секторлору боюнча конкреттүү артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорго байланыштыруу менен мамлекеттик колдоонун, жеткиликтүү каржылоонун жана натыйжалуу бизнес-башкаруунун стандарттарын киргизүү боюнча консалтингдин даректүү механизмдеринин күч-аракеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүн консолидациялоо болуп саналат.

Кеңешти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Кеңештин жыйыны ар жума сайын өтөт.

Пикир

Оставить комментарий