• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баланын укуктарын камсыздоо мамлекеттик саясатынын артыкчыл багыттары -Ч.Султанбекова

Өкмөт 0

«Баланын саламаттыкка, билим алууга, физикалык жана чыгармачыл жактан өнүгүүсүнө, эс алууга укуктарын камсыздоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчыл багыттары болуп эсептелет. Өзгөчө Өкмөт биринчи кезекте жардамга муктаж болгон балдардын проблемасын чечүүгө көңүл бурууда», – деди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 1-июнда, Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө арналган футбол фестивалынын ачылышында.

Кыргыз Республикасынын футбол Федерациясы жана БУУнун балдар фонду Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата жаш спортчулардан, калктын аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөрдүн балдарынан, тактап айтканда мүмкүнчүлүгүн чектелген балдардан жана качкындардын балдарынан, ата-энесинин камкордугусуз калган балдардан турган 300 балага майрамдык маанай тартуулады.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова бул өзгөчө күн балдарды тарбиялоодогу өзгөчө жоопкерчиликти, аларды психологиялык жана башка зомбулуктардан коргоону, жетим балдардын көйгөйүн чечүүнү жана балдардын саламаттыгын сактоону эске саларын билдирди.

«Балдардын тагдыры, алардын укуктарын жана адамдык артыкчылыктарын коргоо – бул биздин коомду бириктире турган негизги милдеттердин бири, ар бирибиз балдар-мамлекеттин келечеги экендигин эске алуубуз керек», – деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр өлкөдөгү бардык балдарды майрамы - Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктап, аларга бекем ден-соолук, бактылуу балалык, окууларына ийгилик жана жаркын келечек каалады.

Пикир

Оставить комментарий