Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча курама командасынын мүчөлөрү Баку шаарында (Азербайджан) өтүп жаткан лицензиялык Дүйнө чемпионатына катышып жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 14-август күнү башталган, 1-сентябрга чейин уланат.
Курама команданын тизмеси;
1. Аскат Токмоков (СЧ);
2. Бактыгул Махмадова (СЧ);
3. Каныкей Кубанычбекова (СЧ);
4. Имандос Бектенов (СЧТ);
5. Арууке Талантбекова (СЧ).
Курама команда башкы машыктыруучу Забида Ырсалиевнын жетекчилиги алдында мелдешке катышып жатат.
Пикир
Оставить комментарий