Бишкек, 15.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча курама командасынын мүчөлөрү Асхат Токмоков жана Арууке Талантбекова Египетте өтө турган Дүйнө кубогуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 17-23-февраль күндөрү Каир шаарында өтөт. Курама команда улук машыктыруучу Мэри Исмаилованын жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Пикир
Оставить комментарий