• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Садыр Жапаров менен Джорджа Мелонинин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды

Президент 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Бүгүн, 3-октябрда, президент Садыр Жапаровдун Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкөнүн Министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони менен сүйлөшүүлөр болуп, анын жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

Мындан тышкары бир катар документтерге кол коюлду:

- Кыргызстан менен Италиянын ортосунда экстрадициялоо жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соттолгондорду өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Италия Өкмөтүнүн ортосундагы аудиовизуалдык продукцияны биргелешип чыгаруу жөнүндө макулдашуу;

- Кыргызстан менен Италиянын Юстиция министрликтеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.

Пикир

Оставить комментарий