• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Президент А.Атамбаев Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө буйрукка кол койду

Президент 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгын майрамдоого арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгын майрамдоого арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүү максатында, кыргызстандыктардын согуш жылдарында фронтто жана оорукта көрсөткөн эрдигине, кайратына жана каармандыгына таазим кылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 72 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана аларды бардык жерде жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылсын;

- иш-чараларды финансылык жана уюштуруучулук камсыз кылуу маселелерин чечсин", - деп тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий