• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте шаарды жакшыртуу жана жашылдандыруу долбоорлору сунушталды

Коом 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын жыйын залында борбордун коомдук мейкиндигин уюштуруу боюнча долбоордун бет ачары өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков, “Бишкекбашкыархитектура” МИнин жетекчиси Асхат Түлөбердиев, ошондой эле, Кыргызстандын архитекторлорунун Биримдигинин өкүлдөрү, Бишкек шаардык мэриясынын райадминистрация башчылары, “Жашылдандыруу”, “Бишкекжарык” муниципалдык ишканаларынын, мэриянын башкармалыктарынын, илимий изилдөө уюмдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү ЖОЖдордун студенттери катышышты.

Иш-чарада борбор калаанын аймагын, жөө жүрүүчү жерлерди жана Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларынын жээктерин жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча көптөгөн долбоорлор тааныштырылды.

“Коомдук мейкиндикти уюштуруу”, “Кыргызстан – келечекти башкаруу”, “Бишкек шаарынын жашыл ландшафты”, “Бишкек шаарынын архитектурасын өнүктүрүү келечеги", “Жабык коомдук мейкиндиктер” жана башка темалардагы долбоорлор сунушталды.

“Бишкекбашкыархитектура” МИнин жетекчиси Асхат Түлөбердиев ишкананы мындан ары өнүктүрүү үчүн студенттик долбоорлорду тартууга жана кызматташуу аянтын ачууга даярдык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий