Кыргызстандын президенти менен Малайзия премьер-министри Биргелешкен билдирүүгө кол койду

Президент 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 15-майда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болду.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү боюнча чараларды талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим "Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө" кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий