• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгына 30 жыл - видео

Коом 0


Бишкек, 08.08.24. /Кабар/. Бүгүн Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгынын 30 жылдык мааракеси өттү.

Иш башкармалыгы Кыргызстандын президентинин 1994-жылдын 8-августундагы № 186 “КР президентинин Иш башкармасы жөнүндө” жарлыгы менен түзүлгөн. Отуз жыл бою Иш башкармасы президенттин жана анын Аппаратынын ишмердигин административдик жана уюштуруучулук жактан камсыз кылууда маанилүү ролду ойноп келет.

Бүгүнкү күндө Иш башкармалыгы мамлекет башчысынын, президенттин администрациясынын, Жогорку Кеңештин жана башка жогорку мамлекеттик органдардын ишин камсыз кылып эле тим болбостон, калкка кеңири кызмат көрсөтүүдө.

Иш башкармалыгынын ар тараптуу ишмердүүлүгү борбордук аппаратта эмгектенген ар кыл тармактагы 446 адисти бир командага бириктирди. Академиктер, куруучулар, инженерлер, экономисттер, мугалимдер, юристтер, архитекторлор, айдоочулар, тарбиячылар, IT-адистер жана башка кесип ээлери Кыргызстандын келечеги үчүн күн сайын эмгектенүүдө.

Президенттин Иш башкармалыгы мамлекет башчысы тарабынан коюлган жоопкерчиликтүү, маанилүү жана көп профилдик тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып келет. Иш башкармасынын борбордук аппараты көптөгөн ведомстволук уюмдардын ишин координациялоо жана контролдоо үчүн жооп берет жана бул өз кезегинде ар кандай милдеттерди натыйжалуу чечүүгө жана көп профилдүү долбоорлорду башкарууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Соңку жылдары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Иш башкармасы республика боюнча 100дөн ашуун маанилүү курулуш объектилерин ийгиликтүү ишке ашырууда. Алардын арасында – ипотекалык үйлөр, алардын курулушу жарандар үчүн жеткиликтүү турак жай маселесин гана чечпестен, соиалдык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө да өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында президенттин администрациясынын жаңы имаратын, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун аэровокзалдык комплексин, Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейин, Ак-Суу районундагы “Жыргалаң” санаторийин куруу иштери активдүү жүрүүдө, ошондой эле дээрлик бардык мамлекеттик мекемелердин имараттарын жана социалдык маанидеги объектилерди жаңылоо иштери жүрүүдө.

Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти кызматына киришүүсү менен Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгынын ведомстволук уюмдарынын саны кыйла өстү, алсак, 2019-жылдын аягында 18 ведомстволук мекеме (анын 10у – бюджеттик мекеме жана 8и – чарбалык эсептешүү уюм) болсо, 2023-жылдын аягында ведомстволук мекемелердин саны 29ду түздү. Бул президенттин Иш башкармалыгынын функциялары менен милдеттерин кеңейтүүгө, ошондой эле мамлекеттик башкаруудагы реформалардын жүргүзүүгө жана ведомстволук мекемелерге көзөмөлдү күчөтүүгө байланыштуу мүмкүн болду.

Туура тандалган башкаруу ыкмаларынын,ведомствонун менеджментин жакшыртуу, санарип технологияларды киргизүү аракеттеринин жана Иш башкармасы тарабынан ведомстволук уюмдардын киреше жана чыгашасын көзөмөлдөөнү күчөтүү чараларынын артында 2023-жылы мекемелердин кирешеси 2019-жылга салышытырмалуу 4,5 эсеге көбөйдү ( 2019-жылы ведомстволук мекемелердин кирешеси 462,9 млн сомду түзсө, 2023-жылдын жыйынтыгы менен 2,1 млрд сомго жетти).

Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгы ведомстволук мекемелердин алдына 2024-жылы кирешени 3,4 млрд сомго чейин көбөйтүү боюнча амбициялуу милдет койду, бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 7,3 эсе көп.

Мисалга алсак, 2023-жылы “Ала-Арча” кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркынын кирешеси 120,5 млн сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 5 эсе өстү, бул эң оболу көрсөтүлүүчү кызматтарды санариптештирүүнүн аркасында мүмкүн болду.

Ошондой эле “Типография” мамлекеттик ишканасында да жакшы жетишкендиктер байкалууда, 2019-жылы ишкананын кирешеси 15,5 млн сомду түзсө, 2023-жылы бул көрсөткүч 3 эсе өсүп, 49,4 млн сомго жетти.

2023-жылы төмөнкү мекемелер жана уюмдар КР президентинин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүп берилди:

- “Алтын-Балалык” мамлекеттик мекемеси;
- “Жыргалаң” санаторийи;
- “Кыргызстан-Азербайжан достук сейил багы” мамлекеттик мекемеси;
- “Кыргыз деңизи” мамлекеттик ишканасы;
- “Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплекси.

Бул объектилердин имараттарын, бассейндерин жана ашканаларын капиталдык оңдоо иштери толук аяктап, материалдык-техникалык базасы жана инфратүзүмүжакшыртылды.

Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгы топтолгон тажырыйбаны жана мүлктүк объектилерди сактоо, көбөйтүү чараларын көрүүдө жана муну менен эле токтоп калбайт. Азыркы учурда Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгү жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана президен Садыр Жапаровдун тапшырмаларын так жана убагында аткарууга багытталууда.

Бул жетишкендиктер менен перспективалардын баары Кыргызстандын президентинин колдоосу жана ведомстволук мекемелеринин ынтымактуу жамаатынын иш-аракеттеринин аркасында мүмкүн болууда.

Пикир

Оставить комментарий