• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Калининград шаарына консулдук сапар уюштурат

Коом 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-15-августунда Калининград шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын консулдук кызматтарга чукул муктаждыгы жаралгандыгына байланыштуу, консулдук маселелер боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын паспортторун алуу / алмаштыруу үчүн арыздарды кабыл алуу максатында аталган шаарга чыгуучу консулдук кызмат пландаштырылууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандыктардын коомдук бирикмесинин жардамы менен Калининград облусунда жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кошкондо 50гө жакын КР жарандарына консулдук кызмат көрсөтүүлөр күтүлүүдө.

"Бул иш-чара Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында уюштурулууда"-деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыз:

- Консулдун түз байланышы: +7 (925) 115-50-47;

- Калининград шаарындагы консулдук кызматтардын дарегин жана убактысын тактоо үчүн Калининград областындагы кыргыз диаспорасынын лидери Калмурзаева Азиза Турдубековна: +7-952-792-15-35.

Элчилик Калининград шаарында пландаштырылып жаткан консулдук кызмат жөнүндө Калининград облусунда жашаган бардык тааныштарга жана мекендештерге кабарлоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий