• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын сел жүргөн аймактарында жолдорду калыбына келтирүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел эң көп катталган Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Араван, Өзгөн, Ноокат райондору, Баткен облусунун Лейлек, Кадамжай жана башка райондордо жолдорду калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, аймакты караган №37 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Ноокат – Араван (9-чакырымы) унаа жолу тазаланып, эки тараптуу каттам берилди. Учурда жолду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Ал эми Жалал-Абад – Казарман (63-98-чакырымдар аралыгы, сел суулары 6 жерден түшкөн) унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо жумуштары жүрүп жатат. Саналуу сааттын аралыгында каттам берилери болжолдонууда.

Ошондой эле Мырзаке-Кара – Шоро унаа жолунун 49-51-чакырым аралыгында каттам жок. Жерине тартылган техникалар тазалоо иштерин жүргүзүп, жолду ачуу аракетин көрүп жатышат.

Мындан тышкары, Жаңы-Арык – Кызыл-Суу, ПАД – Кара-Сөгөт, Садырбай – Каратай жана башка унаа жолдордо каттам бар. Кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий