• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Кыргызстандын төрөт үйлөрүнө дары-дармектер тапшырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) кеңсесинин башчысы Бактыбек Кайназаров менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда тараптар үй-бүлөнү пландаштыруу, репродуктивдүү ден соолук жаатындагы медициналык мекемелерде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу сыяктуу тармактарда биргелешкен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө фонддун жетекчиси Кыргызстандын төрөт үйлөрүндө төрөттөн кийинки кан жоготууну алдын алуу жана дарылоо үчүн заманбап дары – карбетоциндин биринчи партиясын тапшырды.

"Гуманитардык жардамдын алкагында төрөттөн кийинки кан агуунун алдын алуу үчүн 170 миң аялга жалпы суммасы 92 миң долларга 17 миң пакет жеткирилди", - деди ал.

Өз кезегинде Алымкадыр Бейшеналиев Фондго өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул дары төрөттөн кийинки кыйынчылыктардын тобокелин кыйла азайтып, энелердин өмүрүн сактап кала алат. Окситоцинден айырмаланып, ал муздак чынжырды талап кылбайт жана бир жолу сайылганда натыйжа көрсөтөт. Биз өзгөчө алыскы аймактарда энелердин өмүрүн сактап калууга жана коопсуз төрөттү камсыздоого жардам берген ЮНФПАга терең ыраазычылык билдиребиз»,- деп белгиледи министр.

"Карбетоцинди өлкөнүн төрөт үйлөрүнө өткөрүп берүү Саламаттык сактоо министрлигинин жана министрлер кабинетинин аракеттеринин аркасында мүмкүн болду, алар БУУнун эл аралык каталогдору аркылуу дары-дармектерди өндүрүүчүнүн баасында сатып алууга шарттарды түзүштү",-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, карбетоцин жакын арада клиникалык практикага киргизилет, бул энелердин өлүмүн кыскартууга жана бүткүл республика боюнча аялдардын репродуктивдүү жана энелердин ден соолугун чыңдоого маанилүү салым болот.

Пикир

Оставить комментарий