• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 62%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 62%га өстү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн экономика жана соода министрлеринин 13-жыйынында билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүүнүн жогорулашы чоң жетишкендик экендигин белгиледи.

“Бул иш-чара түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана экономикалык өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат”, - деди министр.

Жыйынга Данияр Амангелдиев төрагалык кылды. Анда “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу долбоору талкууланып, логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча чоң үмүттөр айтылды. Ошондой эле иш-чарада жашыл экономиканын өнүгүшү да күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири болуп, инвестицияларды тартуунун мааниси белгиленди.

Мындан тышкары, бүгүн экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 15-жыйыны да болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий