• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан Азербайжандан электр энергиясын импорттоону пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 29.04.24. /Кабар/. Кыргызстан Азербайжандан электр энергиясын импорттоону пландоодо. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Ал белгилегендей, Азербайжан газдан электр жарыгын өндүрүп, аны көптөгөн өлкөлөргө экспорттоп келет.

“Жакынкы убактарда Азербайжан электр энергиясын Казакстан менен Өзбекстанга экспорттоону пландап жатат. Биз да Кыргызстанга энергияны эскпорттоо маселесин талкууладык. Анткени, бул мамлекеттер менен биздин электр байланыштарыбыз бар. Мындан улам техникалык мүмкүнчүлүктөр электр жарыгын бизге да транзит менен жеткирүүгө мүмкүндүк берет”, – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий