• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы экологиялык инновациялык демилгелерди колдойт. Долбоор ишке кирди

Экономика 0

Бишкек, 29.04.24. / Кабар/. "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коому Кыргызстандагы жашыл каржылоо боюнча долбоорду колдоого алып, каражат бөлөт. Бул тууралуу "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКнын төрагасынын орун басары Азизбек Сайпидинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, “Өнөктөш банктар жана башка финансы институттары аркылуу жашыл критерийлерге ылайык долбоорлорду максаттуу каржылоо” кредиттик продуктусунун каражаттары насыя алуучуларга түздөн-түз “Мамлекеттик банкы” же өнөктөш банктар аркылуу берилет. Жашыл таксономия жети категорияны камтыйт. Анын ичинде таза транспорт, таза суу, айыл чарба, жашыл энергия, энергия эффективдүүлүк жана башкалар бар.

“Кардарлардын сунуштаган долбоорлору биздин банк аныктаган жашыл долбоорлорго ылайык келсе каражат берилет. Анын пайыздык чени 6% менен башталат. Ал эми өнөктөш банктардыкы 12%дан ашпайт деп көрсөтүлдү. Насыялар каржылоо шарттарында белгиленгендей, 5 млн сомдон баштап 150 млн сомго чейин 8 жылдык мөөнөткө берилип баштайт”, - деди Азизбек Сайпидинов.

"Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКынын долбоордук менеджери Жылдыз Сулайманбекова билдиргендей, долбоорлорго каражат бөлүү үчүн алардын иштелип чыккан атайын талаптарга дал келүүсүнө маани берилет.

“Долбоор эки талапты камтыйт: биринчиси – каржылык, экинчиси – экологиялык. Ушул талаптарга карата каражаттарды берүү мүмкүнчүлүктөрү каралат. Мисалы, насыя алуучу өзүнүн долбоорун ишке ашырып кете алабы? Анын каржылык шарттары кандай? Бул да маанилүү. Ошондой эле экинчиси экологиялык талаптардын аткарылуусу. Анда кардардын долбоорунун экологиялык жактан пайдалуулугу өзгөчө орунду ээлейт. Эгер насыя алам дегендер маселен, таштандыларды кайра иштетсе, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдоно тургандыгын белгилесе, алардын каражат алууга мүмкүнчүлүгү жогору болуп саналат”, - деп белгиледи Сулайманбекова.

Ошондой эле “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКы өнөктөш банктарга каражаттарды бөлүп гана тим болбостон, алардын потенциалын өнүктүрүүгө көңүл бурат. Анда банк кызматкерлерин окутууну, тренинг-семинарларды өткөрүүнү колго алмакчы.

"Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКынын төрагасынын орун басары Азизбек Сайпидинов банктын артыкчылык берген долбоорлору аркылуу 2023-жылы 600 млн сомдон ашык каражат кардарларга берилгендигин айтты.

“204 млн сом түздөн-түз «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» аркылуу, ал эми 403 млн сом жеке банктар тарабынан берилген. Мындан ары да каражаттар артыкчылыктуу деп эсептелген чакан жана орто бизнести колдоого, өнөр жайды жана агросекторду өнүктүрүүгө багытталат”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий