Кыргызстандын түштүгүнө авиакаттамдар штаттык режимде аткарылууда

Коом 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Ош, Жалал-Абад жана Раззаков шаарларына бардык каттамдар штаттык режимде аткарылууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каттамдарды "Тез Жет" авиакомпаниясы аткарууда.

Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылууда.

Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар жумасына 9 жолу аткарылууда.

Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар күнүнө 5-6 жолу аткарылууда.

Ошондой эле, Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар "АвиаТраффик" авиакомпаниясы аркылуу күнүнө бир жолудан жана "Aэрономад" авиакомпаниясы тарабынан жумасына эки жолудан (шейшемби жана ишемби күндөрү) аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий