• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Министр Жаныбеков кыргызстандык ишкерди “Айыл чарбанын отличниги” төш белгиси менен сыйлады

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде, КР айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков тармакта көп жылдан бери иштеп келген жеке ишкер Эрлист Акунбековго “Айыл чарбанын отличниги” төш белгисин тапшырды.

Жолугушууда фермерлерди жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, кайра иштетүү цехтерин куруу, тармакты химиядан экого трансформациялоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Аталган ишкер «Бай Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси. Сөз болуп жаткан борбор 13 жылдан бери иштеп, Кыргызстан дыйкандарынын көпчүлүк бөлүгүн керектүү продукциялар менен камсыздап келет.

Пикир

Оставить комментарий