• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын түштүк аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ага ылайык бүгүн, саат 11:27де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Өзгөн районунун Кушаб айылынан түндүк-батышка карай 3 чакырым, Мырза-Арык айылынан түндүк-батышка карай 7 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышка карай 15 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 31 чакырым жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 37 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин синкинүүсү Куршаб айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий