• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте эки кабаттуу турак үй толугу менен күйүп кетти

Кырсык 0


Бишкек, 07.08.22. /Кабар/. Бишкек шаарында эки кабаттуу турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМге Чоң-Арык айылынын Соликамская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 04:40та Ленин жана Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 05:51де чектөөгө алынып, 08:44тө толугу менен өчүрүлгөн.

Такталган маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий