• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кыргызстандын тай бокс боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында 10 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын тай бокс боюнча улуттук курама командасы Камбоджанын Сием-Рип шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 10 медаль багындырды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлашты.

Маалыматка ылайык, команданын эсебинде 8 алтын, 2 күмүш медаль бар.

Алтын медаль алгандар:

- 70 кг – Махабат Орозбекова;

- 54 кг - Диана Заинитдинова (14 жаш);

- Нурсултан Карбозов (14 жаш);

- Алия Саалиева (16 жаш);

- Милана Шихшабекова (17 жаш);

- 60 кг - Адела Асылбек кызы (17 жаш);

- 57 кг - Альберт Бактыбеков;

- 60 кг – Элазан Замирбеков.

Күмүш медаль алгандар:

- Аланур Абдыкаров (15 жаш);

- Ихтияр Каныметов.

Команда башкы машыктыруучу Дилшат Даутовдун жана машыктыруучу Александр Кононенконун жетекчилиги астында чемпионатка катышты.

Пикир

Оставить комментарий