• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чүй облусунда Эр эңиш федерациясынын президентинин кубогу өттү — жыйынтыктар

Спорт 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында Эр эңиш федерациясынын президентинин кубогу өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар Кундузбек Сулайманов, Карим Ханджеза, президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты.

Спорттук мелдешти Эр эңиш федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Азыгалиев уюштурган.

Төрага Талант Мамытов иш-чарада куттуктоо сөзүн сүйлөп, ал кыргыздын улуттук каада-салтын, тарыхын, маданиятын сактап калууда улуттук оюндар маанилүү роль ойнорун белгилеп, кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган оюндарды дүйнөлүк аренага көтөрүү мезгилдин талабы экенин айтты.

"Дүйнө өзгөрүп, ааламдашуу доору Ала-Тообузду да өз карамагына алып турган чакта улуттук баалуулуктарды сактоо өтө зарыл. Анткени, улутту улут кылган анын тили жана каада-салты болуп эсептелет. Тил улуттун байлыгы, үрп-адат элдин кечээгиси менен келечеги. Андыктан, кылым карыткан кыргыз көчү улансын десек, бабалардын баскан жолунан сабак алып, алдыга кадам шилтөөбүз кажет. Биз уланта турган улуу иштердин бири да ушул эр эңиш сыяктуу улуттук оюндарыбыз. Себеби ал оюндарда элдин ой тилеги, үмүтү, кубанычы, өкүнүчү, эрдиги, эркиндик, теңдикке умтулуусу, адилеттик, акыйкаттык үчүн болгон күрөшү камтылган", - деди төрага Талант Мамытов.

Ал эми Эр эңиш федерациясынын президенти Нурлан Азыгалиев акыркы жылдары бул оюнга кызыккан кыз-жигиттердин саны артып, активдүү түрдө машыгуулардын өтүп жатканын билдирди жана федерациясынын президенти катары бул улуттук оюнду өнүктүрүүгө болгон күч аракетин жумшарын убадалады.

"Байыркы кыргыздын жоокердик духу канында, жанында бар экенин Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов баштаган балбандарыбыз дүйнөлүк олимпиадаларда далай ирээт далилдешти. Спортчуларыбыз жараткан ийгиликтер улуттук рухту көтөрүп, ынтымакты ширелтип, өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң үмүттөрдү жандырууда. Эр эңиш бул кан кызыткан спорт менен эле чектелип калбайт. Бул кыргыздын тарыхы! Жоону саяр куралы жокто эр жүрөк жоокерлерибиз темирдей бекем каруусуна, турпатына уюган күч-кубатына жана алдында туйлаган төрт туягына ишенген", - деди федерациясынын президенти Азыгалиев.

Президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев өз сөзүндө бул келечектүү ишке чоң салымын кошуп бийлик менен спорт коомчулугунун ортосунда көпүрө болгон Эр эңиш федерациясынын президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Азыгалиевге президенттин атынан ыраазычылык билдирди.

Таймаштын байге фонду 500 миң сом болгон, мелдеш 60, 70, 80, 90 килограмм салмактагы балбандардын арасында жүрүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, финалдык курлар тапшырылып, баш байгенин ээсине төө берилди.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 40 балбан келип ат үстүндө күч сынашты. Мелдешке эр эңиш боюнча спорт чеберлери, эл аралык даражадагы спорт чеберлери, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү, дүйнөлүк жана Азиянын чемпиондору келип катышты.

Мелдеш 5 салмак категорияда өтүп, төмөнкүлөрү жеңишке жетти:

60 кг

1-орун — Жекшенбек Турдубеков (Нарын облусу),

2-орун — Акыл Сагынбеков (Талас облусу),

3-орун — Шакир уулу Азамат (Чүй облусу)

70 кг

1-орун — Бузурманкул уулу Калыбек (Чүй облусу),

2-орун — Райхан уулу Бактыгул (Нарын облусу),

3-орун — Шайдин уулу Аманбай (Нарын облусу)

80 кг

1-орун — Мунур уулу Амантур (Талас облусу),

2-орун — Абдразак уулу Жаныш (Ош облусу),

3-орун — Бердибек уулу Ислам (Нарын облусу)

90 кг

1-орун — Турдукул Абдырахманов (Ош облусу),

2-орун — Темирбек Ибрагимов (Чүй облусу),

3-орун — Нурсултан Абдыкадыров (Жалал-Абад облусу)

90 кг жогорку салмакта

1-орун — Күмүшбек Кыдыралиев (Талас облусу),

2-орун — Арген Абдуллаев (Жалал-Абад облусу),

3-орун — Кылысбек уулу Манас (Жалал-Абад облусу).

Байгелүү орундарды ээлеген балбандар Эр эңиш федерациясынын президентинин атынан эстелик медаль, диплом, Кубок, чемпиондук кур жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Андан тышкары, абсолюттук салмакта баш байге төө Талас облусунан келген Күмүшбек Кыдыралиевге ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий